Редакцияот 27.08.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Миң-Булак айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз V сессиясы

 

 

2021-жылдын 27-августундагы № 5/23

Миӊ-Булак айыл өкмөтүнүн балансасындагы кичи автобус (спринтер) Чоӊ-Кара-Кужур өрөөнүндөгу мектеп окуучуларын мектепке барып келүүсүн камсыздоого берүү жөнүндө

Күн тартибиндеги маселе боюнча Миӊ-Булак айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтери Жумабек уулу Жанболоттун баяндамасын угуп жана талкуулап, депутаттардын Миң-Булак айыл аймагынын айылдык кенешинин XXVIII чакырылышына кезексиз V сессиясы токтом кылат:

 

1. Миӊ-Булак айыл өкмөтүнүн балансасындагы MERSEDES-BENZ SPRINTER 416 жана MERSEDES-BENZ 308D маркасындагы кичи автобустарды Чоӊ-Кара-Кужур өрөөнүнүн Ак-Таш, Кара-Жылга участкасындагы Кылыч Рысмендиев атындагы орто мектебине окуучуларды  алып барып,алып келүү үчүн  берилсин.

2. Бул токтомду Веб сайтка жарыялоо жагы Миӊ-Булак айылдык кеӊешинин жооптуу катчысы А.Айтбаевага тапшырылсын.

3. Бул токтомду аткаруу жагы айыл өкмөт башчысы К.Кудайбергеновго милдеттендирилсин.

 

 

Төрага:

А.Жамангулов