МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Миң-Булак айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз V сессиясы
2021-жылдын 27-августундагы № 5/24
Жыл башында калган калдык акча каражатынан жашылдандыруу жана көрктөндүрүүгө акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселе боюнча Миң-Булак айыл ɵкмɵтүнүн башкы бухгалтери Жумабек уулу Жанболоттун баяндамасын угуп жана талкуулап депутаттардын Миң-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз V сессиясы токтом кылат.
1. Жашылдандыруу жана көрктөндүрүүгө көчөттөрдү сатып алуу үчүн төмөндөгү статьяга акча каражаты бөлүнүп берилсин.
Статья 31131220- көчөт сатып алууга 41000 (кырк бир миӊ) сом
2. Бул токтомду Веб сайтка жарыялоо жагы Миң-Булак айылдык кеңешинин жооптуу катчысы А.Айтбаевага тапшырылсын.
3. Иш алып баруу жагы айыл аймагынын айыл ɵкмɵтүнүн финансы-экономика бɵлүмүнүн башчысы Жумабек уулу Жанболотко милдеттендирилсин.
Төрага: | А.Жамангулов |