Редакцияот 05.10.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Миң-Булак айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектүү III сессиясы

 

 

2021-жылдын 5-октябрындагы № 6/25

Миӊ-Булак айыл аймагына караштуу Чоӊ-Кара-Кужур, Кичи-Кара-Кужур өрөөнүндөгу чабынды жерлерге жайыт акысынын тарифин бекитип берүү жөнүндө

Күн тартибиндеги маселе боюнча Миӊ-Булак айыл аймагынын жайыт комитетинин башчысы Чаргынов Тимурдун баяндамасын угуп жана талкуулап, депутаттардын Миң-Булак айыл аймагынын айылдык кенешинин XXVIII чакырылышына кезектүү II сессиясы токтом кылат:

 

1. Миӊ-Булак айыл аймагына караштуу Чоӊ-Кара-Кужур, Кичи-Кара-Кужур өрөөнүндөгу чабынды жерлерге жайыт акысына 1га 1000(бир миӊ)сом болуп, жайыт акы алынсын.

2. Бул токтомду Веб сайтка жарыялоо жагы Миӊ-Булак айылдык кеӊешинин жооптуу катчысы А.Айтбаевага тапшырылсын.

3. Бул токтомду аткаруу жагы айыл аймагынын жайт комитетинин башчысы Т.Чаргыновго милдеттендирилсин.

 

 

Төрага:

А.Жамангулов