Редакцияот 05.10.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Миң-Булак айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектүү III сессиясы

 

 

2021-жылдын 5-октябрындагы № 6/26

Жыл башындагы калган калдык акча каражатынан “Карылар күнүнө” карата акча каражатын бɵлүп берүү жɵнүндɵ

Күн тартибиндеги маселе боюнча Миң-Булак айыл ɵкмɵтүнүн башчысы Кудайбергенов Курманбектин баяндамасын угуп жана талкуулап депутаттардын Миң-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектүү III сессиясы токтом кылат.

 

1. Миң-Булак айыл аймагындагы 65 жаштан ɵткɵн кары адамдарды 1-октябрь “Карылар күнүнө” карата жарыяланган 1 айлыкка карата иш алып баруу максатында акча каражатын тɵмɵндɵгү статьяга бɵлүнүп берилсин.

Статья 22154100-представителские расходы 130000(жүз отуз миң)сом

2. Бул токтомду Веб сайтка жарыялоо жагы Миң-Булак айылдык кеңешинин жооптуу катчысы А.Айтбаевага тапшырылсын.

3. Иш алып баруу жагы айыл аймагынын айыл ɵкмɵтүнүн финансы-экономика бɵлүмүнүн башчысы Жумабек уулу Жанболотко милдеттендирилсин.

 

 

Төрага:

А.Жамангулов