Редакцияот 10.11.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Депутаттардын Миң-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз V сессиясы

 

 

2021-жылдын 10-ноябрындагы № 7/33

“Өрнөк” мал базарына кирген малдардга жана унааларга, ашкана, соода түйүндөрүнө тариф бекитүү жөнүндө

Күн тартибиндеги маселе боюнча Миң-Булак айыл аймагынын жайыт комитетинин башчысы Чаргынов Тимурдун баяндамасын угуп жана талкуулап депутаттардын Миң-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз V сессиясы токтом кылат.

 

1. “Өрнөк мал базарына кирген унааларга;

-жүк ташуучу унааларга  30(отуз)сом;

-жеӊил унааларга 10(он)сом;

-койго 10(он) сом;

-бодо малга  30(отуз)сом;

-ашканага 200(эки жүз) сом;

-соода түйүнүнө 200(эки жүз) сом болуп бекитилсин.

2. Бул токтомду Веб сайтка жарыялоо жагы Миң-Булак айылдык кеңешинин жооптуу катчысы А.Айтбаевага тапшырылсын.

4. Иш алып баруу жагы айыл аймагынын жайыт комитетинин башчысы Чаргынов Тимурга милдеттендирилсин.

 

 

Төрага:

А.Жамангулов