Редакцияот 10.11.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Депутаттардын Миң-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз V сессиясы

 

 

2021-жылдын 10-ноябрындагы № 7/34

Миӊ-Булак айыл аймагында тазалыкты сактоо, белгиленбеген жерге таштанды төгүүнү токтотуу максатында, таштанды төккөн жарандарга айып пулдун наркы жөнүндө

Күн тартибиндеги маселе боюнча Миң-Булак айыл аймагындагы “Таза суу тазалык ишканасы” муниципалдык ишканасынын башчысы Осмонов Алтынбектин баяндамасын угуп жана талкуулап депутаттардын Миң-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз V сессиясы токтом кылат.

 

1. Айыл аймагындагы тазалыкты сактоо, таштанды ар жерге төкпөө максатында Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө кодексинин 71-беренесине ылайык белгиленбеген жерге турмуш тиричилик таштандыларын жана буюмдарын таштоо, өртөө, ошондой эле түкүрүү боюнча 3-категориядагы айып пул салууга алып келет деген пунктунун негизинде айып пулдун наркы 5500сом болуп бекитилсин.

2. Бул токтомду Веб сайтка жарыялоо жагы Миң-Булак айылдык кеңешинин жооптуу катчысы А.Айтбаевага тапшырылсын.

4. Иш алып баруу жагы айыл аймагындагы “Таза суу тазалык ишканасы” муниципалдык ишканасынын башчысы Осмонов Алтынбекке милдеттендирилсин.

 

 

Төрага:

А.Жамангулов