Редакцияот 19.11.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Депутаттардын Миң-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз VI сессиясы

 

 

2021-жылдын 19-ноябрындагы № 8/36

Миӊ-Булак айыл аймагынын Өрнөк айылындагы футбол аянтчасына наам берүү жөнүндө

Күн тартибиндеги маселе боюнча Миң-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтү Кудайбергенов Курманбек Асановичтин баяндамасын угуп жана талкуулап депутаттардын Миң-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз V сессиясы токтом кылат.

 

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы №467 токтому менен бекитилген “Мамлекеттик маанидеги обьекттерге ат жана атын өзгөртүү тартиби тууралуу” Жобосуна ылайык Өрнөк айылындагы футбол аянчасына Жумакадыров Сатыбалдынын наамы берилсин.

2. Токтомду Веб сайтка жарыялоо жагы Миң-Булак айылдык кеңешинин жооптуу катчысы А.Айтбаевага тапшырылсын.

4. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы Миӊ-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К.Кудайбергеновго милдеттендирилсин.

 

 

Төрага:

А.Жамангулов