КУРШАБ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Куршаб айылдык кеңешинин (алтынчы шайланган ) ХХХIV - кезектеги отуруму
2021-жылдын 9-апрелиндеги № 193
Куршаб айыл өкмөтүнүн Куршаб айылынын аты жок көчөсүнө ысым ыйгаруу жөнүндө
Куршаб айыл өкмөтүнүн №387-контурундагы социялдык шаарчанын аты жок көчөсүнө ысым ыйгаруу боюнча Куршаб айыл өкмөтүнүн сунуш катын Мыйзамдуулук, укук, тартипти чыңдоо,Регламент,этика боюнча туруктуу комиссиясында алдын ала каралып, Куршаб айылдык Кеңешинин (алтынчы шайланган) Х ХХIV кезектеги сессиясы угуп, талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Куршаб айыл өкмөтүнүн Куршаб айылынын социалдык шаарчасынын түштүк тарабындагы экинчи көчөсүнө Шерматов Абсатар ысымы ыйгарылсын.
3. Көчөнү таза, оң абалда кармоо, шагыл төктүрүү, өткөөлдөрдү оңдоо, көчө белгилерин орнотуу, жарыктандырууну камсыздоо балдарына жана туугандарына милдеттендирилсин.
4. Токтомду мыйзам талаптарына ылайык аткаруу жагы Куршаб айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин мыйзамдуулук, укук, тартипти чыңдоо, Регламент, этика боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага: | Сабытбек уулу Бактыяр |