КУРШАБ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Куршаб айылдык кеңешинин (алтынчы шайланган ) ХХХIV - кезектеги отуруму
2021-жылдын 9-апрелиндеги № 196
Куршаб айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын 28 март күнү өткөрүлгөн элдик жыйындын чечими жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамынын 18-беренесинин 12 пунктуна ылайык Куршаб айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын 28-март күнү өткөрүлгөн элдик жыйындын сунушталган чечиминин негизинде Куршаб айылдык Кенешинин (алтынчы шайланган ) ХХХIV - кезектеги отуруму карап талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Куршаб айыл аймагында мал багуу акысы:
- Жылкы 600сом, бодо мал 600сом, торпок (бир жашка чейин) 300сом,
- кой-эчки 120сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Куршаб айылынын ички каттамы боюнча жол акысы таксилер үчүн бардык жарандарга 15 сомдон бекитилсин жана келишими патент менен иш жүргүзүлүп санитардык жагы көзөмөлгө алынсын.
3. Поворот каттамы боюнча Маршруттук каттам уюштурулсун жана жол акысы 10сом, мектеп окуучулары үчүн 5сом өлчөмүндө бекитилсин.
4. Ушул токтомду мыйзам талаптарына ылайык аткаруу жагы Куршаб айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
5. Ушул токтомду көзөмөлдөө жагы айыл чарба, суу чарба, мелорация, экология, ветеринардык кызмат, жайыт, бюджет, экономикалык маселелер жана инвестиция тартуу, энергетика, транспорт,байланыш,таза суу,комуналдык чарба боюнча туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.
Төрага: | Сабытбек уулу Бактыяр |