Редакцияот 09.04.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУРШАБ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Куршаб айылдык кеңешинин (алтынчы шайланган ) ХХХIV - кезектеги отуруму

 

 

2021-жылдын 9-апрелиндеги № 201

Куршаб айыл өкмөтүнүн аты жок көчөсүнө ысым ыйгаруу жөнүндө

Куршаб айыл өкмөтүнүн көчө тургундарынын чогулушунун 2021-жыл 2-апрелиндеги протоколунун токтомунун негизинде Мыйзамдуулук, укук, тартипти чыңдоо, Регламент, этика боюнча туруктуу комиссиясында алдын ала каралып, Куршаб айылдык Кеңешинин (алтынчы шайланган) Х ХХIV кезектеги сессиясы талкуулап чыгып Куршаб айылдык кенеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ :

 

1. 2021-жыл 2-апрелиндеги протоколунун токтому, 2021-жылдын 5-апрель күнү берген Кедейбаев Нурбайдын балдарынын арыздары канааттандырылсын.

 

2. Куршаб айыл аймагынын Куршаб айылынынК. Бекмурзаев көчөсүнүн күн чыгыш тарабындагы жарыш жайланышкан экинчи аты жок көчөсүнө Кедейбаев Нурбайдын ысымы ыйгарылсын.

 

3. Көчөнү таза, оң абалда кармоо, шагыл төктүрүү, өткөөлдөрдү оңдоо, көчө белгилерин орнотуу, жарыктандырууну камсыздоо балдарына жана туугандарына милдеттендирилсин.

 

4. Токтомду аткаруу жагы Куршаб айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

 

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин мыйзамдуулук, укук, тартипти чыңдоо, Регламент, этика боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

 

Төрага:

Сабытбек уулу Бактыяр