КУРШАБ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Куршаб айылдык кеңешинин (алтынчы шайланган ) ХХХIV - кезектеги отуруму
2021-жылдын 9-апрелиндеги № 204
Мечит курууга макулдук берүү жөнүндө
Куршаб айыл өкмөтүнө караштуу көчө тургундарынын 2021-жыл 09-апрелиндеги мечит курууга макулдук берүү кайрылууларынын негизинде Мыйзамдуулук, укук, тартипти сактоо, Регламент, этика боюнча туруктуу комиссиясы алдын ала каралып, Куршаб айылдык кеңешинин (алтынчы шайланган) ХХХIV кезектеги сессиясы талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Куршаб айыл өкмөтүнө караштуу көчө тургундарынын 2021-жыл 9-апрелиндеги айыл кеңешине келип түшкөн кириш №10 жана №11 кайрылуулары канааттандырылсын.
2. Ушул токтомду мыйзам талаптарына ылайык аткаруу жагы Куршаб айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин мыйзамдуулук, укук, тартипти чыңдоо, Регламент, этика боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага: | Сабытбек уулу Бактыяр |