КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Кеңеш айылдык кеңешинин (7-чакырылышы) кезектеги бешинчи сессиясы
2021-жылдын 6-августундагы № 5-7
Аймактык шайлоо комиссиясынын курамына талапкерлердин тизмесин бекитүү тууралуу
Аймактык шайлоо комиссиясынын курамына көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмесин карап чыгып, талкуулап Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамынын 6-бөлүмүнүн 47-беренесинин 10-пунктуна жана 4-бөлүмүнүн 31-беренесинин 17-пунктуна ылайык Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Аймактык шайлоо комиссиясынын курамына көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмеси жактырылсын жана бекитилсин. (тизме тиркелет) .
2. Сунушталган талапкерлердин документтерин тактап БШКнын аймактык өкүлүнө тапшыруу жагы айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы М.Осмоновко тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Шапиев Улукбек Мурзабековичке жүктөлсүн.
Кеңеш айылдык кеңешинин төрагасы | Абдырахманов О.С |