КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Кеңеш айылдык кеңешинин (7-чакырылышы) кезектеги алтынчы сессиясы
2021-жылдын 11-сентябрындагы № 6-1
Айыл аймагында күзгү-кышкы мезгилдерге даярдык көрүү тууралуу
Айыл аймагында күзгү-кышкы мезгилдерге даярдык көрүү тууралуу Социалдык маселелер, маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо, жаштар, спорт, регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы Орозмамат кызы Айганыштын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдыча башкаруу жөнүндөгү Мыйзамынын 4-бөлүмүнүн 31-беренесинин 2-пунктунун 1, 3-пункутчаларына ылайык Кеңеш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл аймагында күзгү-кышкы мезгилдерге даярдык көрүүнүн абалы кээ бир кемчиликтерди эске албаганда канаттандырарлык экендиги белгиленсин.
2. Күзгү-кышкы мезгилдерге даярдык көрүүдөгү кемчиликтерди тез арада жоюуу жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Көмүр түшүрүүнү өз убагында төгүү, Шаңкол орто мектебинин отканасынын чатырын оңдоо, Арбын орто мектебинин эски имаратынын жылытуу түтүкчөлөрүн отканага улоо, Асал-эне бала бакчасына, Шаңкол ФАПка, Куу-Майдан ФАПка көмүркана куруу, Арбын ФАПка печка алып берүү, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрго көмүр сатуучу пункттарды уюштуруу сыяктуу иштерди жерине барып көрүп, канчалык зарылдыгына жараша тез арада чечүү боюнча иш-чара түзүшсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин Социалдык маселелер, маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо, жаштар, спорт, регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Орозмамат кызы Айганышка тапшырылсын.
Кеңеш айылдык кеңешинин төрагасы | Абдырахманов О.С |