Редакцияот 11.09.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Кеңеш айылдык кеңешинин (7-чакырылышы) кезектеги алтынчы сессиясы

 

 

2021-жылдын 11-сентябрындагы № 6-2

 

Сарава көрүстөнүнүн иштетилбей турган жер участогуна элдердин суроо-талабы боюнча Медересе курууга макулдук берүү тууралуу

Кеңеш айыл аймагына караштуу Шаңкол айылындагы «Сарава» көрүстөнүнүн бош жаткан жерине элдердин суроо-талабына ылайык Медересе курууга уруксат сурап кайрылган кайрылуусун карап жана талкуулап Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдыча башкаруу жөнүндөгү Мыйзамынын 4-бөлүмүнүн 31-беренесинин 2-пунктунун 5-пункутчасына ылайык жана Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө» мыйзамынын 8,10,13-беренелерине ылайык Кеңеш айылдык кеңеши

ТОКТОМ    КЫЛАТ:

1. Кеңеш айыл аймагына караштуу Шаңкол айылында «Сарава» көрүстөнүнүн бош жаткан жерине элдердин суроо-талабына ылайык Медересе курууга макулдук берилсин.

 

2. Кеңеш айыл аймагына караштуу Шаңкол айылында «Сарава» көрүстөнүнүн бош жаткан жерине Медересе куруунун мыйзамдуулугун карап, тиешелүү документтерин бүтүрүп берүү жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин Жер, суу чарба, жана жаратылышты коргоо, мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, таранспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Нурматов Орозмаматка тапшырылсын.

 

 

Кеңеш айылдык

кеңешинин төрагасы

 

Абдырахманов О.С