КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Кеңеш айыл аймагынын кеңешинин (7-чакырылышы) кезектеги биринчи сессиясы
2021-жылдын 15-майындагы № 1-1
Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, КРнын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндөгү» мыйзамынын 4-главасынын 37-беренесинин 2-пунктуна ылайык Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жабык-жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча көпчүлүк депутаттардын «макул» деп добушун алган талапкер Абдырахманов Орозбек Сулайманович КРнын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндөгү» мыйзамынын 4-главасынын 37-беренесинин 2-пунктуна ылайык Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы болуп шайланды деген эсептөө комиссиясынын № 3-протоколу бекитилсин.
Макул- 21
Каршы- жок
2. Токтом көпчүлүк добуш менен кабыл алынды.
Кеңеш айылдык кеңешинин сессиясынын төрагасы |
Нурматов О |