Редакцияот 16.03.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Кеңеш айылдык кеңешинин (6-чакырылышы) кезектеги жыйырма сегизинчи сессиясы

 

 

2021-жылдын 16-мартындагы № 28-1

 

Айыл өкмөтүнүн 2020-жылдагы жергиликтүү бюджетинин ашкан калдыгын 2021-жылга карата бөлүштүрүү тууралуу

Айыл өкмөтүнүн 2020-жылдагы жергиликтүү бюджетинин ашкан калдыгын 2021-жылга карата бөлүштүрүү тууралуу «Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы Н.Кудайназаровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексиинин 8-главанын 44-беренесинин 4-пунктуна жана 16-главасынын 78-беренесинин 2,3-пункттарына ылайык Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ   КЫЛАТ:

 

1. Айыл өкмөтүнүн 2020-жылдагы жергиликтүү бюджетинин аткарылышы боюнча берилген маалыматы жактырылсын.

 

2. Айыл өкмөтүнүн 2020-жылдагы жергиликтүү бюджетинин ашкан калдыгын 2021-жылга карата №1-тиркемеге ылайык бөлүштүрүлүп бекитилсин. Анын ичинен атайын каражаттын эсебинен 93,7 миң сом балдар бакчаларынын керектөөсүнө жумшалсын.

 

3. Айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлерине Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 01-мартындагы № 131-токтомуна негиз, үстөк акы үчүн 358,4 миң сом, соц фондго 61,8 миң сом бөлүнүп берилсин.

 

4. Бөлүнгөн акчаны каржылоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жана ФЭБнүн башчысына милдеттендирилсин.

 

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин экономика,бюджет,соода жана ишкердүүлүктү өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Кудайназаров Нурланга тапшырылсын.

 

Кеңеш айылдык

Кеңешинин төрагасы

 

Абдибает уулу М