Редакцияот 16.03.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Кеңеш айылдык кеңешинин (6-чакырылышы) кезектеги жыйырма сегизинчи сессиясы

 

 

2021-жылдын 16-мартындагы № 28-3

 

“Шаңкол-Нуру” жамааттык балдар бакчасынын имаратын убактылуу айыл өкмөтүнүн балансасына өткөрүп берүү тууралуу

“Шаңкол-Нуру” жамааттык балдар бакчасынын имаратын убактылуу айыл өкмөтүнүн балансасына өткөрүп берүү тууралуу маселени билдирүүсүн угуп жана талкуулап, КРнын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» 2011-жылдын 15-июлундагы № 101- мыйзамынын 4-главасынын 31-беренесинин 2-пунктунун 9-пункчасына ылайык Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ   КЫЛАТ:

 

1. “Шаңкол-Нуру” жамааттык балдар бакчасынын имараты 2018-жылдан тартып 2028-жылга чейин 10 жылдык мөөнөткө убактылуу айыл өкмөтүнүн балансасына өткөрүлүп берилсин.

 

2. Тиешелүү иш кагаздарын түзүп, мыйзамдуу түрдө убактылуу өткөрүп алуу жагы айыл өкмөтүнун ФЭБнө жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча башкы адис М.Осмоновко тапшырылсын.

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин социалдык, маданий, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Матисаков Абдыкалыкка тапшырылсын.

 

 

Кеңеш айылдык

Кеңешинин төрагасы

 

Абдибает уулу М