Редакцияот 16.03.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Кеңеш айылдык кеңешинин (6-чакырылышы) кезектеги жыйырма сегизинчи сессиясы

 

 

2021-жылдын 16-мартындагы № 28-4

 

Куу-Майдан айылынын тургуну Төлөнбаев Имамидин Салыевичтин арызы тууралуу

Куу-Майдан айылынын тургуну Төлөнбаев Имамидин Салыевичтин атасынан мурас кылып өткөрүп алган пилорама жайгашкан жер участогунун пилорамага тиешелүү жер участогунан сырткары жерининин багытын тамарка деп өзгөртүп берүү тууралуу жазган арызын карап жана талкуулап, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 3-бөлүмүнүн 18-беренесинин 1- пунктунун 15-пунктчасына ылайык Кеңеш айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

 

1. Куу-Майдан айылынын тургуну Төлөнбаев Имамидин Салыевичтин атасынан мурас кылып өткөрүп алган пиларама жайгашкан жер участогунун 0,10 га жер аянты пиларамага калтырылып, калган 0,23 га жер участогунун максаттык багытын өзгөртүп берүү жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

 

2. Тамарка деп өзгөртүлүп берилсин деген депутаттардын жер боюнча комиссиясынын актысын мыйзамдын негизинде карап, документештирип берүү жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл,суу чарба, жерге жайгаштыруу, экология, жаратылышты коргоо, транспорт, курулуш жана энергетика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Нурматов Орозмаматка жүктөлсүн.

 

 

Кеңеш айылдык

Кеңешинин төрагасы

 

Абдибает уулу М