Редакцияот 16.03.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Кеңеш айылдык кеңешинин (6-чакырылышы) кезектеги жыйырма сегизинчи сессиясы

 

 

2021-жылдын 16-мартындагы № 28-5

 

Куу-Майдан жана Шаңкол айылдарындагы кээ бир аты жок көчөлөргө ат коюуу тууралуу

Куу-Майдан жана Шаңкол айылдарындагы кээ бир аты жок көчөлөргө ат коюуу тууралуу жамааттардын жалпы жыйынын чечими тууралуу айыл башчылар К.Асамидиновдун жана А.Мамажунусовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап КРнын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» 2011-жылдын 15-июлундагы № 101- мыйзамынын 4-главасынын 31-беренесинин 2-пунктунун 9-пункчасына таянып Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Куу-Майдан айылындагы “М.Абдикеримов” көчөсүнүн түштүк тарабындагы ат коюлбай калган көчөгө билим берүү тармагынын отличниги, жетекчилик кызматта үзүрлүү эмгектенген, лидер аял Ашимова Кыздаркан эженин ысмы ыйгарылсын.

 

2. Шаңкол айылынын күн батыш тарабындагы Гүл балдар бакчасынын түндүк тарабындагы ат коюла элек жаңы көчөлөрго № 5-көчөгө “Достук”, №8- көчөгө “Келечек”, №12- көчөгө Акунбай-ата, № 13- көчөгө Машанов Абдүрөшүт, №14- көчөгө Муратов Бакир деген аттар коюлсун жана көчөнүн аттары үйлөрдүн номерлери ар бир көчөгө илинсин.

3. Аталган көчөлөргө көчөнүн аттары, үйлөрдүн номерлери жазылган табличкаларды илүү жана көчөнүн инфрастуктурасын жакшыртуу, жарыктандыруу, көрктөндүрүү боюнча иштерди алып баруу менен көчөгө аты коюлган инсандардын жаркын элесин түбөлүктө сактап, көчөнү үлгүлүү алдыңкы көчө кылып сактоо жагы көчөгө аты коюлган инсандардын жакын тууган-уруктарына милдеттендирилсин..

 

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Куу-Майдан айылынын айыл башчысыК.Асамидиновко жана Шаңкол айылынын айыл башчысы А.Мамажунусовко тапшырылсын.

 

 

Кеңеш айылдык

Кеңешинин төрагасы

 

Абдибает уулу М