КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Кеңеш айылдык кеңешинин (7-чакырылышы) кезектеги бешинчи сессиясы
2021-жылдын 6-августундагы № 5-1
Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңешинин иш-планын бекитүү
Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2021-2022-жыл үчүн түзүлгөн иш-планын талкуулап Айылдык кеңештин Регламентинин 2-бөлүмүнүн 2.2-пунктунун 2-пунктчасына, 3-бөлүмүндөгү айылдык кеңештин ишинин жалпы тартибине ылайык Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2021-2022-жыл үчүн кабыл алган иш-пландары өзгөртүүлөр, толуктоолор менен кошо кабыл алынып, бекитилсин.(иш-план тиркелет)
2. Иш-планда кабыл алынган маселелер тиешелүү жооптуу адамдар тарабынан өз убагында аткарууга алынсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Кеңеш айылдык кеңешинин төрагасы |
Абдырахманов О.С. |