Загрузка документа…
САРЫ-ЧЕЛЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сары-Челек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги IV сессиясы
2025-жылдын 3-апрелиндеги №4/2
«Сары-Челек айыл өкмөтүнүн Кызыл-Туу айылындагы №38 «Күн Нуру» мектепке чейинки билим берүү уюмунун кызматкерлеринин 2025-жылга карата эмгек акысына келип түшкөн максаттуу трансферттеринин киреше жана чыгаша бөлүктөрүн бекитүү жөнүндө»
Сары-Челек айылдык Кеӊеши күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап,
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1.Киреше бөлүгү Кызыл-Туу айылындагы №38 «Күн Нуру» мектепке чейинки билим берүү уюмунун кызматкерлеринин 2025-жылдын эмгек акысына келип түшкөн 5566,4 (беш миллион беш жүз алтымыш алты миӊ төрт жүз) сом максаттуу трансферт Сары-Челек айыл өкмөтүнүн 2025-жыл үчүн бекитилген бюджетине кошумча киреше болуп бекитилсин.
Чыгаша бөлүгү Кызыл-Туу айылындагы №38 «Күн Нуру» мектепке чейинки билим берүү уюмунун кызматкерлеринин 2025-жылдын эмгек акысы жана социалдык фонд үчүн 5566,4 (беш миллион беш жүз алтымыш алты миӊ төрт жүз) сом максаттуу трансферт чыгаша бөлүгүнө чегерилсин.
2.Айлык акылар менен өз убагында каржылоо жагы финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Н.Төлөбаевге милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин «Бюджет жана экономика» маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
4.Токтом Sary-chelek.gov.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
5.Токтом мамлекеттик тилде гана жазылды.
Төрага |
Н.Абдыраманов.
|