Редакцияот 06.08.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Кеңеш айылдык кеңешинин (6-чакырылышы) кезектеги бешинчи сессиясы

 

 

2021-жылдын 6-августундагы № 5-3

 

Кеңеш айыл өкмөтүнүн 2022-жылга бюджетинин долбоорун, 2023-2024- жылдарга карата болжолун талкуулоо

Кеңеш айыл өкмөтүнүн 2022-жылга бюджетинин долбоорун, 2023-2024-жылдарга карата болжолун талкуулоо жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап «Кыргыз Республикасынын 2021-жылга республикалык бюджети жана 2022-2023 –жылдарга болжолу жөнүндөгү» Мыйзамынын негизинде иштелип чыгылган Долбоор тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда депутаттардын Кеңеш айылдык кеңешинин «Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча» боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып чыгылган. КыргызРеспубликасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» № 101-Мыйзамынын 31-статьясынын 2 пунктунун 2-пунктчасына жана Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексиинин 78- жана 115-беренесине ылайык Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңешинин сессиясы

 

Т О К Т О М К Ы Л А Т :

 

1. Кеңеш айыл өкмөтүнүн 2022-жылга бюджетинин долбоору жана 2023-2024-жылдарга карата болжолу тиркемеге ылайык жактырылсын. (тиркемелер тиркелет)

 

2. Токтомдун аткарууга алуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жана ФЭБнүн башчысына милдеттендирилсин.

 

3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Кубанычбек уулу Мурасбекке тапшырылсын.

Кеңеш айылдык

кеңешинин төрагасы

 

Абдырахманов О.С.