Загрузка документа…
САРЫ-ЧЕЛЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сары-Челек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги IV сессиясы
2025-жылдын 3-апрелиндеги №4/3
«Сары-Челек айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын бекитилген бюджетинин ичиндеги беренелерди жылдыруу жөнүндө»
Сары-Челек айылдык Кеӊеши күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап,
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1.Сары-Челек айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын бекитилген бюджетинин 70111 - Башкаруу аппаратынын - 27211500 (Калкка социалдык төлөөлөр) беренесиндеги 800 000,0 (сегиз жүз миӊ) сом акча каражаты Сары-Челек айыл өкмөтүнүн 70111 - башкаруу аппаратынын - 22154900 (Ар кандай кызмат көрсөтүүгө кеткен чыгымдар үчүн) беренесине жылдырылсын.
2.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин «Бюджет жана экономика» маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
3.Бюджеттин чыгаша бѳлүгүнүн жогорудагы беренелерине өзгөртүүлөрдү киргизип берүү жагы райондук финансы башкармалыгынан суралсын.
4.Токтом Sary-chelek.gov.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
5.Токтом мамлекеттик тилде гана жазылды.
Төрага |
Н.Абдыраманов.
|