САРЫ-ЧЕЛЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сары-Челек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги IV сессиясы
2025-жылдын 3-апрелиндеги №4/4
«Авлетим токой чарбасынын аймагында токой ресурстарын пайдалануу боюнча төлөнүүчү төлөм акыларын жана ижара акыларын бекитип берүү жөнүндө”.
Авлетим токой чарбасынын 31-март 2025-жылдагы №55 сандагы сунушуна жана айылдык Кеңештин “Айыл чарбасы жана экология”маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 2-апрелиндеги корутундусуна негиз сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Авлетим токой чарбасынын аймагында токой ресурстарын пайдалануу боюнча төлөнүүчү төлөм акыларынын жана ижара акыларынын тарифтери бекитилсин
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештин «Укук,мыйзам жана этика» маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
3.Аталган токтомду расмий жарыялоо,Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы айылдык Кеңештин жооптуу катчысы У.Барпиевге жүктөлсүн.
4.Токтом мамлекеттик тилде жазылды
Төрага |
Н.Абдыраманов.
|