Редакцияот 06.08.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Кеңеш айылдык кеңешинин (6-чакырылышы) кезектеги бешинчи сессиясы

 

 

2021-жылдын 6-августундагы № 5-5

 

Түрткү берүүчү грантка жөнөтүлгөн долбоолордун өздүк салымдары үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каражатын бөлүп берүү тууралуу

Түрткү берүүчү грантка жөнөтүлгөн долбоолордун өздүк салымдары үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каражатын бөлүп берүү тууралуу айыл өкмөтүнүн башчысынын сунушун угуп жана талкуулап, КРнын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» 2011-жылдын 15-июлундагы № 101-мыйзамынын 4-главасынын 31-беренесинин 2-пунктунун 2-пунктчасына жана Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексиинин 51-беренесинин 1-пунктунун 3-пункчасына таянып Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Түрткү берүүчү грантка жөнөтүлгөн долбоолордун өздүк салымдары үчүн 2022-жылдын жергиликтүү бюджетинен акча каражаты каралып берилсин.

 

2. Өздүк салым үчүн керектелүүчү акча каражатын 2022-жылдын бюджетине киргизүү жагы айыл өкмөт башчысына жана ФЭБнүн башчысына милдеттендирилсин.

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Кубанычбек уулу Мурасбекке тапшырылсын.

Кеңеш айылдык

кеңешинин төрагасы

 

Абдырахманов О.С.