Загрузка документа…
САРЫ-ЧЕЛЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сары-Челек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги IV сессиясы
2025-жылдын 3-апрелиндеги №4/5
“Ардактуу Жаран” наамдарын ыйгаруу жөнүндө.
Сары-Челек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 28-январындагы №01-3/26 сандагы билдирүүсүнө жана айылдык Кеңештин “Укук,мыйзам жана этика”маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 1-апрелиндеги отурумунун корутундусуна ылайык,сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1.Кыргыз Республикасынын аймагындагы жана бүткүл дүйнөлүк эл аралык мелдештерде Кыргыз мамлекетинин желегин желбиретип,кыргыз элине атак- даңк,сыймык,аброй алып келген төмөндөгү спортчуларга Сары-Челек айыл аймагынын “Ардактуу Жараны” наамдары ыйгарылсын
Аскаралы уулу Акай – Коргон айылынын жашоочусу.
Ильяс уулу Кыялбек – Мукур айылынын жашоочусу.
Нуркамал уулу Шабдан – Авлетим айылынын жашоочусу.
Мунарбеков Муктарбек Мунарбекович – Товар-Сай айылынын жашоочусу.
Абдималик уулу Жолболду – Товар-Сай айылынын жашоочусу.
2.Спортчуларды сыйлоодо финансалык-материалдык маселелерди чечип берүү жагы Сары – Челек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т,А,Айткуловго милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештин”Укук,мыйзам жана этика”маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Б.Төрөбековго тапшырылсын.
4.Аталган токтомду расмий жарыялоо,Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук
актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы айылдык Кеңештин жооптуу
катчысы У.И.Барпиевге жүктөлсүн
Төрага |
Н.Абдыраманов.
|