Загрузка документа…
САРЫ-ЧЕЛЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сары-Челек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз Vсессиясынын токтому.
2025-жылдын 25-апрелиндеги №5/1
“ Сары-Челек айыл өкмөтүнүн алдындагы муниципалдык
ишкананын тарифтерин бекитип берүү жөнүндө”.
Сары-Челек айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 23-апрелиндеги №1-3/98 сандагы билдирүүсүнө жана айылдык Кеңештин 2025-жылдын 24-апрелиндеги отурумунун корутундусуна ылайык,сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1.Сары-Челек айыл өкмөтүнүн алдындагы түзүлгөн муниципалдык ишканага айыл аймагынын калкы тарабынан кызмат көрсөтүүгө төлө♠нүүчү акча каражатынын өлчөмү 100 (жүз) сом деп белгиленсин.
2.Кызмат көрсөтүүгө карата төлөнүүчү акча каражаттарын жыйноодо мыйзам чегинде иш алып баруу жагы муниципалдык ишкананын жетекчиси С.Жуматаевге эскертилсин.
3.Бул маселе боюнча айыл аймагынын калкына түшүндүрүү жумуштарын жүргүзүүгө көмөктөшүүнү колго алуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Айткуловго милдеттендирилсин.
4..Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештин“Айыл чарбасы жана экология” маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
5.Токтом «Sary-Chelek.kg.gov» веб сайтында жарыялангандан кийин күчүнө кирет.
6.Аталган токтомду расмий жарыялоо,Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук
актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы айылдык Кеңештин жооптуу
катчысы У.И.Барпиевге жүктөлсүн.
Төрага |
Н.Абдыраманов.
|