Загрузка документа…
САРЫ-ЧЕЛЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сары-Челек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз Vсессиясынын токтому.
2025-жылдын 25-апрелиндеги №5/2
“Аркыт айылындагы көчөгө ат коюу жөнүндө”.
Сары-Челек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 25-апрелиндеги №01-3/122 сандагы кайрылуусуна жана айылдык Кеңештин 2025-жылдын 25-апрелиндеги отурумунун корутундусуна ылайык,сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Сары-Челек айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Аркыт айылындагы “ Уй жайлоо “
көчөсүнө советтик- партиялык кызматкер Атабеков Айтыштын ысымы ыйгарылсын.
2.Сары-Челек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн өздүк базасын ушул ыйгарылган атка карата
оңдоо жумуштарын мыйзам чегинде жүргүзүүнү колго алуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысыТ.А.Айткуловго милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы , айылдык Кеңештин”Укук,мыйзам жана
этика”маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Б.Төрөбековго тапшырылсын
4.Токтом «Sary-Chelek.kg.gov» веб сайтында жарыялангандан кийин күчүнө кирет.
5..Аталган токтомду расмий жарыялоо,Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук
актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы айылдык Кеңештин жооптуу
катчысы У.И.Барпиевге жүктөлсүн.
Төрага |
Н.Абдыраманов.
|