Загрузка документа…
САРЫ-ЧЕЛЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сары-Челек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз Vсессиясынын токтому.
2025-жылдын 25-апрелиндеги №5/3
“Ардактуу Жаран” наамын ыйгаруу жөнүндө.
Сары-Челек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 24-апрелиндеги №01-3/36 сандагы билдирүүсүнө жана айылдык Кеңештин “Укук,мыйзам жана этика”маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 24-апрелиндеги отурумунун корутундусуна ылайык,сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1.Айыл аймагындагы калктын саламачылыгын сактоодогу үзүрлүү,талыкпаган эмгегин эске алып,Авлетим айылындагы тиш дарылоо кабинетинин тиш дарыгери Айтмырзаев Куттуубек Жунусбаевичке Авлетим айыл аймагынын “Ардактуу Жараны” наамы ыйгарылсын
2.Сыйлоого байланыштуу. финансалык-материалдык маселелерди чечип берүү жагы Сары–Челек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т,А,Айткуловго милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештин”Укук,мыйзам жана этика”маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Б.Төрөбековго тапшырылсын
4.Аталган токтомду расмий жарыялоо,Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук
актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы айылдык Кеңештин жооптуу
катчысы У.И.Барпиевге жүктөлсүн.
Төрага |
Н.Абдыраманов.
|