Загрузка документа…
САРЫ-ЧЕЛЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сары-Челек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз VI сессиясы
2025-жылдын 15-июнундагы №6/1
“Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 19.12.2014-жыл №715 токтомуна ылайык “Жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндөгү”Келишимине макулдук берүү жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”Мыйзамынын 14-беренесин жетекчиликке алып,Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 19.12.2014-жыл №715 токтомуна ылайык,”Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндөгү”Келишимине макулдук берүү жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап,Сары-Челек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин “Укук,мыйзам жана этика”маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2025-жылдын 6-июлундагы №1 чечимине ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып,Сары-Челек айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 19.12.2014-жылдагы №715 токтомуна ылайык,”Жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик.ыйгарым укуктарды берүү жөнүндөгү”Келишим бекитилсин.
2.Аталган токтомду расмий жарыялоо,Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы айылдык Кеңештин жооптуу катчысы У.И.Барпиевге жүктөлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештин “Укук,мыйзам жана этика”маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Б.А.Төрөбековго тапшырылсын.
Төрага |
Н.Абдыраманов.
|