Загрузка документа…
САРЫ-ЧЕЛЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сары-Челек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги VII сессиясы
2025-жылдын 5-августундагы №7/1
“Мамлекеттик лизинг компаниясы”ачык акционердик коому аркылуу Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондунан бөлүнгөн акча каражаттарынын эсебинен автотранспорт сатып алуу жөнүндө”
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында,Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 17-июлундагы №238 тескемесин аткаруу үчүн “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө”Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13,17-беренелерине ылайык жана Сары-Челек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 29-июлундагы №01-3/189-сандагы сунушуна,айылдык Кеңештин “Бюджет жана экономика”маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 4-июлундагы отурумунун корутундусуна негиз сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Сары-Челек айыл аймагынын айыл өкмөтү дотациялык камсыздоодо тургандыгына байланыштуу,автотранспорт сатып алуу үчүн лизингдик төлөмдөрдү төлөөгө мүмкүнчүлүгү жок экендигин эске алып, көмөк көрсөтүү жагы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинен суралсын.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештин “Бюджет жана жана экономика”маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Д.Арстанбековго тапшырылсын.
3.Аталган токтомду расмий жарыялоо,Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук
актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы айылдык Кеңештин жооптуу
катчысы У.И.Барпиевге жүктөлсүн.
Төрага |
Н.Абдыраманов.
|