Загрузка документа…
САРЫ-ЧЕЛЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сары-Челек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги VII сессиясы
2025-жылдын 5-августундагы №7/3
«Сары-Челек айыл ѳкмөтүнүн 2025-жылдын атайын каражатынын киреше жана
чыгаша бөлүгүнѳ ѳзгѳртүүлѳрдү киргизүү жөнүндө»
Сары-Челек айылдык Кеңеши күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1.Сары-Челек айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын бекитилген атайын каражатынын киреше бөлүгүн кайрадан эсептѳѳлѳргѳ негиз:
- Мектепке чейинки мекемелерине кошумча кызмат көрсөтүү акысына- 2 295 000,0 миң сом планга кошумча өзгөртүүлөр киргизилсин.
2.Сары-Челек айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын бекитилген атайын каражатынын чыгаша бөлүгүнө :
- Бала бакчалардагы балдардын тамак ашы үчүн – 2 295 000,00 миң сом акча каражаты жумшалсын жана чыгаша бѳлүгүнѳ кошумча план киргизилсин.
3.Жогорудагы акча каражаттарын мыйзамдаштыруу жана максаттуу пайдалануу жагы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештин «Бюджет жана каржы» маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
5.Токтом Sary-chelek.gov.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага |
Н.Абдыраманов.
|