Загрузка документа…
САРЫ-ЧЕЛЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сары-Челек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги VII сессиясы
2025-жылдын 5-августундагы №7/5
“Швейцария Өкмөтүнүн ХЕЛЬВЕТАС Свисс Иннтеркоорпорейшын Ассосациясынын Кыргыз Республикасындагы филиалы тарабынан каржыланган “Дараметти жогорулатуу”долбоору боюнча Сары-Челек айыл өкмөтүндөгү жергиликтүү жамааттын айылдар арасында катуу турмуш-тиричилик калдыктарын жыйноо,ташып чыгаруу жана жайгаштыруу боюнча төлөмдөрдү өз убагында төлөөнү жакшыртуу максатында өткөрүлүүчү сынактын Жобосун бекитип берүү жөнүндө”.
Сары-Челек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 29-июлундагы №01-3/188 сандагы сунушуна жана айылдык Кеңештин “Социалдык”маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 4-августундагы отурумунун корутундусуна ылайык сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Швейцария Өкмөтүнүн ХЕЛЬВЕТАС Свисс Иннтеркоорпорейшын Ассосациясынын Кыргыз Республикасындагы филиалы тарабынан каржыланган “Дараметти жогорулатуу”долбоору боюнча Сары-Челек айыл өкмөтүндөгү жергиликтүү жамааттын айылдар арасында катуу турмуш-тиричилик калдыктарын жыйноо,ташып чыгаруу жана жайгаштыруу боюнча төлөмдөрдү өз убагында төлөөнү жакшыртуу максатында өткөрүлүүчү сынактын Жобосу №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештин”Социалдык”маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Г.Жоробековага тапшырылсын.
3.Аталган токтомду расмий жарыялоо,Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук
актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы айылдык Кеңештин жооптуу
катчысы У.И.Барпиевге жүктөлсүн.
Төрага |
Н.Абдыраманов.
|