Загрузка документа…
САРЫ-ЧЕЛЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сары-Челек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги VII сессиясы
2025-жылдын 5-августундагы №7/6
“Участкалык шайлоо комиссияларынын резервине сунушталган талапкерлерге макулдук берүү жөнүндө”.
Сары-Челек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 30-июлундагы №01-3/198 сандагы кайрылуусуна жана айылдык Кеңештин 2025-жылдын 4-августундагы отурумунун корутундусуна негиз, сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Сары-Челек айыл аймагынын №2326 Аркыт шайлоо участкасынын участкалык шайлоо комиссияларынын резервине жүйөлүү себеп менен үч талапкер жетишсиз болуп калгандыгына байланыштуу,төмөндөгү талапкерлердин №2326 Аркыт участкалык шайлоо комиссиясынын резервинин курамына кирүүгө макулдук берилсин.
Ормоналиева Нурбү Казымалиевна
Суеркул кызы Айгерим
Туркменова Мираида Назаралиевна
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештин”Укук,мыйзам жана этика”маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Б.Төрөбековго тапшырылсын
3.Аталган токтомду расмий жарыялоо,Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук
актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы айылдык Кеңештин жооптуу
катчысы У.И.Барпиевге жүктөлсүн.
Төрага |
Н.Абдыраманов.
|