Редакцияот 09.06.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңешинин (7-чакырылышы) кезексиз үчүнчү сессиясы

 

2021-жылдын 9-июнундагы № 3-4

 

Айылдык кеңештин РЕГЛАМЕНТИН бекитүү тууралуу

Айылдык кеңештин типтүү РЕГЛАМЕНТИН угуп жана талкуулап КРнын 2011-жылдын 15-июлундагы «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» № 101-мыйзамынын 4-главасынын 31-беренесинин 2-пунктунун 11-пунктчасына ылайык Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Кеңеш айылдык кеңешинин Регламенти жактырылсын жана бекитилсин (регламент тиркелет)

(Тиркеме кагаз түрүндө Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде)

2. Регламентти негиз кылып иш алып баруу жагы айылдык кеңештин депутаттарына милдеттендирилсин.

 

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кеңеш айылдык кенешинин Социалдык маселелер, маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо, жаштар, спорт, регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Орозмамат кызы Айганышка милдеттендирилсин.

 

 

Кеңеш айылдык

кеңешинин төрагасы

 

Абдырахманов О.С.