Редакцияот 09.06.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңешинин (7-чакырылышы) кезексиз үчүнчү сессиясы

 

2021-жылдын 9-июнундагы № 3-5

 

Айылдык кеңештин депутаттарынын этикалык кодексин бекитүү тууралуу

Айылдык кеңештин депутаттарынын этикалык кодексин угуп жана талкуулап КРнын 2000-жылдын 13-январындагы «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндөгү» № 3-мыйзамынын 1-главасынын 8-1-беренесине ылайык Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Кеңеш айылдык кеңешинин депутаттарынын этикалык кодекси жактырылсын жана бекитилсин.( этикалык кодекси тиркелет)

(Тиркеме кагаз түрүндө Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде)

 

2. Депутаттык этика кодексинин талаптарын аткарууга алуу жагы айылдык кеңештин депутаттарына милдеттендирилсин.

 

3. Бул токтомдун аткарылышын козомолдоо Кеңеш айылдык кенешинин Социалдык маселелер, маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо, жаштар, спорт, регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Орозмамат кызы Айганышка милдеттендирилсин.

 

 

Кеңеш айылдык

кеңешинин төрагасы

 

Абдырахманов О.С.