Загрузка документа…
САРЫ-ЧЕЛЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сары-Челек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги VII сессиясы
2025-жылдын 5-августундагы №7/7
“Мукур айылындагы спорт залга маркум Узенбай уулу Уландын ысымын ыйгаруу жөнүндө”.
Сары-Челек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 16-июлундагы 01-03/180 сандагы сунушуна жана айылдык Кеңештин “Укук,мыйзам жана этика”маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 4-августундагы отурумунун корутундусуна негиз сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Сары-Челек айыл өкмөтүнүн айыл аймагына караштуу Мукур айылындагы спорт залга маркум Узенбай уулу Уландын ысымы ыйгарылсын.
2.Айыл өкмөтүнө тиешелүү болгон иш кагаздарынын базасын коюлган атка карата жүгүзүүнү колго алуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.А.Айткуловго тапшырылсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештин”Укук,мыйзам
этика”маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Б.Төрөбековго тапшырылсын
4.Аталган токтомду расмий жарыялоо,Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук
актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы айылдык Кеңештин жооптуу
катчысы У.И.Барпиевге жүктөлсүн.
Төрага |
Н.Абдыраманов.
|