ҮЧ-ТӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Үч-Төбө Айылдык Кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 1-сессиясы
2021-жылдын 17-майындагы № 1/4
Үч-Төбө Айылдык Кеңешинин төрагасын (төрайымын) шайлоо жөнүндө
Үч-Төбө Айыдык Кеңешинин төрагасын( төрайымын) шайлоо жөнүндө эсептөө комиссиясынын Үч-Төбө Айылдык Кеңешинин төрагасын (төрайымын)шайлоо боюнча өткөрүлгөн жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү №3 протоколун угуп жана талкуулоонун негизинде Үч-Төбө Айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Эсептөө комиссиясынын Үч-Төбө Айылдык Кеңешинин төрагасын шайлоодогу жашыруун, жабык добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү №3 протоколу бекитилсин (протокол тиркелет).
2. Жашыруун, жабык добуш берүүнүн жыйынтыгы менен жалпы депутаттардын элүү пайыздан ашык добушун алган Үч-Төбө Айылдык Кеңешинин депутаты Асантай уулу Акбий Үч-Төбө Айылдык Кеңешинин төрагасы болуп шайланды деп эсептелсин.
Үч-Төбө Айылдык Кеңешинин жаш курагы боюнча улуу депутаты: | Э.Өмүрзаков |