Редакцияот 28.05.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ҮЧ-ТӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Үч-Төбө Айылдык Кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 2-сессиясы

 

 

2021-жылдын 28-майындагы № 2/2

Үч-Төбө айыл өкмөтүндө жайгашкан Ак-Жай жана Кичи-Каракол айылдарынын жашоочуларынын көпчүлүгү катышкан элдик жыйындын жүрүшүн карап, жыйында айтылган жыйынтыкты кароо жөнүндө

Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн Ак-Жай айылында жайгашкан авариялык абалда турган №6 ЖДПБнын 1937- жылы курулган эски корпусун бузуу жөнүндө 2021- жылдын 21- майындагы элдик жыйындын протоколу Айылдык Кеңешке келип түшкөн. Ал протоколдо, эски корпусту бузуу жана андан чыккан курулуш материалдарын аукцион аркылуу баштапкы баасын коюп, сатыкка берүү үчүн элдик жыйындын катышуучуларынын жана №6 ЖДПБнын башкы дарыгери Асантай уулу Акбийдин сунуш- пикири айтылган. Жогорудагы сунуш- пикирлерди эске алып, Үч-Төбө Айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Ак-Жай айылындагы №6ЖДПБнын эски имаратын бузууга уруксат берилсин.

2. Имараттан чыккан курулуш материалдарынын баштапкы баасын коюп, аукцион аркылуу сатууга макулдук берилсин.

3. Бузулган имараттан чыккан курулуш материалдары аукцион менен сатылып, айыл өкмөтүнүн эсеп-кысабына төгүлсүн. Сатуудан түшкөн акча каражаты №6 ЖДПБнын каржылоо иштерине жумшалсын. Сатуу иштерин уюштуруу, аукционду мыйзам чегинде өткөрүү жагы комиссиянын курамына тапшырылсын.

4. Ушул иштерди уюштуруу №6 ЖДПБнын башкы медайымы Абдыкадырова Уулканга тапшырылсын.

5. Токтомду көзөмөлдөө жагы түзүлгөн комиссияга милдеттендирилсин.

 

Үч-Төбө Айылдык Кеңешинин төрагасы:

А.Асантай уулу