ҮЧ-ТӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Үч-Төбө Айылдык Кеңешинин 7-чакырылышынын кезексиз 7-сессиясы
2021-жылдын 27-августундагы № 5
Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнө 2021-жылда республикалык бюджеттен кошумча бөлүнгөн максаттуу трансферт акча каражатынын сметасынын киреше жана чыгаша бөлүгүнө планга тактап, өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнө республикалык бюджеттен келген 2458,6 миң сом акча каражаты боюнча бюджеттик комиссиясы талкуулап, Үч-Төбө Айылдык Кеңешинин 7-чакырылышынын кезексиз 7-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. ”Кыргыз Республикасынын бюджет Кодексинин” 115-беренесине ылайык, Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнө 2021-жылдын 3- кварталына республикалык бюджеттен кошумча каржыланган максаттуу трансферт акча каражатын планга өзгөртүү киргизип берүү жагы каралсын.
к/н | Берененин аталышы | берене | бардыгы | 2-квартал | |
көбөйтүү | азайтуу | ||||
1. | Максаттуу трансферт | 13321200 | 2458,6 | 2458,6 |
|
| Бардыгы |
| 2458,6 | 2458,6 |
|
2. Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн бекитилген сметасынын төмөндөгү беренесинин такталган планга өзгөртүү киргизүү жагы каралсын.
к/н | Берененин аталышы | берене | бардыгы | 3-квартал | |
көбөйтүү | азайтуу | ||||
Бала бакча | Имараттар жана курулуштар | 3111 | 1512,7 | 1512,7 |
|
Орто мектеп | Көмүр алууга | 2224 | 658,0 | 658,0 |
|
Орто мектеп | Электр энергиясына акы төлөө | 2231 | 287,9 | 287,9 |
|
Бардыгы |
| 2458,6 | 2458,6 |
| |
3 .Жогорудагы акча каражатын 2021-жылдын 3- кварталына бекитилген сметасынын киреше жана чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизип берүү жагы Кыргыз Республикасынын Финансы министирлигинин Алай башкармалыгынан суралсын.
4. Өзгөртүү киргизилген акча каражатын мыйзамдуу, максаттуу жумшоо жана ушул токтомдун аткарылышын айыл өкмөт башчысы А.Түркбаевге жана ФЭБнүн башчысы А.Арыковго милдеттендирилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Айылдык Кеңешинин бюджеттик комиссиясынын төрагасы Э.Өмүрзаковго жүктөлсүн.
Үч-Төбө Айылдык Кеңешинин төрагасы: | А.Асантай уулу |