Редакцияот 26.02.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САВАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Савай айылдык округунун кеңешинин (VI-шайланган) депутаттарынын кезектеги II сессиясы

 

 

2021-жылдын 26-февралындагы № 1/13

 

Савай айыл өкмөтүнүн аймагындагы Кен-Сай, Октябрь, Кескен-Жар, Кызыл-Шарк, Стант, Кыдырша жана Ынтымак айылдарынын калктуу конуштарын кеңейтүү үчүн жер тилкелерин берүү жөнүндө

Савай айыл өкмөтүндө 28513төн ашуун калк жашайт. Калктын турак жай куруу үчүн жер участокторуна суроо-талабы өтө чоң. Учурда 3000 ден ашуун атуулдар арыз менен кайрылышкан. Андан сырткары айыл өкмөтүнүн Кен-Сай, Октябрь, Кескен-Жар, Кызыл-Шарк көтөрүлгөндөн жабыр тарткан 3000 ден ашуун үй-бүлө жер участокторун алууга муктаж.Калктын жеке турак жай куруу үчүн жер участокторуна болгон суроо-талабын канаттандыруу максатында Савай айылдык округунун кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Савай айыл өкмөтүнүн Кен-Сай, Октябрь, Кескен-Жар, Кызыл-Шарк, Стант, Кыдырша жана Ынтымак айылдарында жеке турак жай куруу үчүн №1-тиркемеге ылайык кайра бөлүштүрүү фонд жерлеринен 96,7 га жер аянты ажыратылып берилсин.

2. Калктуу конуштарды кеңейтүү үчүн жер аянтын тактоо, тийиштүү иш кагазадарын даярдоо Савай айыл өкмөтүнүн жер адиси М. Дадажановго милдеттендирилсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин туруктуу жер комиссиясына жүктөлсүн.

 

Савай айылдык округунун кеңешинин

төрагасынын орун басары:

Б.Аматова

 

Савай айыл өкмөтүнүн Кен-Сай, Октябрь, Кескен-Жар, Кызыл-Шарк, Стант, Кыдырша жана Ынтымак айылдарында жеке турак жай куруу үчүн берилүүчү кайра бөлүштүрүү фонд жерлеринен жер аянты№1-тиркеме

Ынтымак

№

Контр

Аянты

 

1

114

9,45 га

 

2

140

13,90га

 

Савай

3

59

13,60га

 

4

60

18,50га

 

5

371

3,0га

 

6

17

25,70га

 

Кыдырша

7

303

5,70га

 

8

302

6,40га

 

9

405

18,8

 

Кызыл-Шарк

10

699

18

 

11

700-701

 

 

Кен-Сай

12

578

19,28

 

13

585

18,08

 

14

616

3,0га

 

15

618

3,80га

 

16

569

1,4

 

Октябрь

17

922

23,80га

 

18

946

19,80га

 

Стант

19

1008

24.30га

 

20

788

6,70га

 

21

789

10,20га

 

Кескен-Жар

22

687-а

5,20га

 

23

687-б

6,70га

 

24

687

2,90га

 

25

671-672-673

5,0 га 

 

 

 

Аткарган

Дадажанов М.