Редакцияот 25.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кочкор-Ата шаардык кеңешинин ХХVIII чакырылышынын кезектеги ХХVIII сессиясы

 

2024-жылдын 25-январы №01-5/195

                                            

 «Шаардык Кеңештин иш-мерчемин бекитүү жөнүндө”      

        

Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги XXVIII сессиясы, Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин 2024-жылга иш-планын бекитүү боюнча шаардык Кеңештин аппаратынын түзгөн иш-планын угуп жана талкуулап, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жана шаардык Кеңештин Регламентин жетекчиликке алып

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

1.     Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин 2024-жылга иш-мерчеми 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.

 

2.     2024-жылдын иш-мерчеминде туруктуу комиссияларга тапшырылган жумуштар жана иш-мерчемде аткарууга жооптуу жетекчилер менен кызматкерлер иш-мерчемде көрсөтүлгөн мөөнөттө тапшырмаларды өз убагында аткарууга алышсын.

 

3.     Шаардык Кеңештин 2023-жылдын 10-февралындагы «Кочкор-Ата шаардык Кеңештин иш-мерчемин бекитүү жөнүндө» № 01-5/118-токтому көзөмөлдөн алынсын.

 

4.     Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү шаардык Кеңештин туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.

 

Төрага:

 Н.А.Абдуразаков