Загрузка документа…
САРЫ-ЧЕЛЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сары-Челек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги VII сессиясы
2025-жылдын 5-августундагы №7/8
“Жумушчу топтун курамын бекитип берүү жөнүндө”
Сары-Челек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 4-августундагы 01-3/204 сандагы кайрылуусуна жана айылдык Кеңештин 2025-жылдын 5-августундагы отурумунун корутундусуна негиз сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Аксы району боюнча коммуналдык калдыктарды иретке келтирүү багытында орто мөөнөттүү райондук программаны иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу максатында чыгарылган №48 тескемесине негиз,Сары-Челек айыл аймагындагы коммуналдык калдыктарды иретке келтирүү боюнча,кызматтарды жакшыртуу,аракеттер планын иштеп чыгуу максатында айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 30-июлундагы №142 –б буйругу менен бекитилген жумушчу топтун курамы бекитилсин.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештин”Укук,мыйзам жана этика”маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Б.Төрөбековго тапшырылсын
3.Аталган токтомду расмий жарыялоо,Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук
актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы айылдык Кеңештин жооптуу
катчысы У.И.Барпиевге жүктөлсүн.
Төрага |
Н.Абдыраманов.
|