Редакцияот 08.07.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САВАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Савай айылдык округунун кеӊешинин 7-чакырылышынын кезектеги 3-сессиясы

 

 

2021-жылдын 8–июлундагы № 5

Савай айыл өкмөтүнүн 2022-2023-2024-жылдарга карата жергиликтүү бюджетин долбоорун болжолу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдында башкаруу жөнүндөгү” жана Кыргыз Республикасынын 2022-2023-2024-жылдарга карата республикалык бюджеттин долбоорун болжолу жөнүндө мыйзамдарынын негизинде жана Кыргыз Республикасынын финансы министрлиги тарабынан сунуш кылынган көрсөткүчтөрдү карап чыгып,Савай айылдык округунун кеңеши

 

Т О К Т О М К Ы Л А Т:

 

1. Савай айыл өкмөтүнүн 2022-2023-2024-жылдарга карата жергиликтүү бюджетин долбоорун болжолу жөнүндө мыйзамдарынын негизинде жергиликтүү бюджетинин кирешелер жана чыгашалар бөлүгүнүн долбоору тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Савай айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн айырмасы республикалык бюджеттин теңдештирүүчү гранттын эсебинен суралсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Савай айылдык округунун кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Савай айылдык округунун

кеңешинин төрагасы

Абдумалик уулу Нурбек