Редакцияот 25.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кочкор-Ата шаардык кеңешинин ХХVIII чакырылышынын кезектеги ХХVIII сессиясы

 

2024-жылдын 25-январы №01-5/197

                                            

«Таза шаар» муниципалдык ишканасынын бюджетин бекитүү жөнүндө      

        

Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги XXVIII сессиясы, санитардык тазалоо, жашылдандыруу, көрктөндүрүү муниципалдык ишканасынын 2023-жыл аралыгында аткарылган иштеринин маалыматын, 2024-жылга коюлган иш планын жана 2024-жылга бюджетин бекитүү боюнча шаардык Кеңештин «бюджет, каржы, экономика, салык жана инвестиция маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жетекчиликке алып

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

 

1.    «Таза шаар» муниципалдык ишканасынын 2024-жылга түзүлгөн иш-планы бекитилсин.

 

2.    «Таза шаар» муниципалдык ишканасынын 47 жумушчудан турган штаттык бирдиги бекитилсин.

 

3.    «Таза шаар» муниципалдык ишканасынын 2024-жылга бюджетинин киреше бөлүгү 28 730 530(жыйырма сегиз миллион жети жүз отуз миң беш жүз отуз) сом суммада белгиленип бекитилсин жана алар;

1) жергиликтүү бюджеттен - 18 578 822сом;

- жергиликтүү бюджеттен субсидия – 1 440 000;

- абоненттерден түшүүчү акча каражаты 16 000адам х 25сом х 12айга = 4 800 000сом;

- коммерциялык уюмдардан түшүүчү акча каражаттар - 2 691 078сом.

- мэриянын кызматтык унааларына каралган күйүүчү жана майлоочу майларга, эмгек акыга, сапар чыгымына, авто тетиктерге каралган чыгымдар – 1 220 630сом.

 

4.    «Таза шаар» муниципалдык ишканасынын 2024-жылга бюджетинин чыгаша бөлүгү 28 730 530(жыйырма сегиз миллион жети жүз отуз миң беш жүз отуз) сом суммада белгиленип бекитилсин жана төмөндөгүдөй болуп бөлүнсүн.

1) эмгек акыга каралган чыгымдар 14 530 000сом, анын ичинен;

- социалдык фондко чегерүүсү 17,25% - 2 320 470сом;

- дарылануу жөлөк пулу 2 242 000сом;

2) атайын тамак үчүн чыгымдарга 1 524 600сом;

3) күйүүчү майга 2 892 470сом;

4) майлоочу майга 281 610сом;

5) унаа тетиктери үчүн 561 829сом;

6) чарбалык буюмдарга 444 260сом;

7) атайын кийимдер үчүн 423 480сом;

8) жашылдандырууга каралган чыгымдар 623 000сом;

9) санитардык абалды коргоо үчүн 480 000сом;

10) коммуналдык жана байланыш чыгымдарына 224 429сом;

11) сапар чыгымы үчүн 37 288сом;

12) жарыктандырууга каралган чыгымдар 334 499сом;

13) канцелярдык буюмдарга 50 555сом;

14) 2%дык салык 539 410сом;

15) мэриянын кызматтык унааларына каралган күйүүчү жана майлоочу майларга, эмгек акыга, сапар чыгымына, авто тетиктерге каралган чыгымдар - 1 220 630сом.

 

5.    Шаардык Кеңештин депутаттары тарабынан белгиленген кемчиликтерди 2024-жыл аралыгында жоюу жана болтурбоо иш аракеттерин жасоону муниципалдык ишкананын жетекчисине милдеттендирилсин.

 

6.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү шаардык Кеңештин «социалдык, билим берүү, саламаттыкты сактоо, спорт жана дин маселелери боюнча» жана «бюджет, каржы, экономика, салык жана инвестиция маселелери боюнча» туруктуу комиссияларга жүктөлсүн.

1.     

 

 

Төрага:

 Н.А.Абдуразаков