Загрузка документа…
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-августундагы № 534 токтомуна)
Кыргыз Республикасынын аймагында жарандык
пиротехникалык буюмдарды жүгүртүү
эрежелери
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Эрежелер жарандык пиротехникалык буюмдарды жүгүртүү тартибиy белгилейт, ал аларды сатууну, сактоону, эсепке алууну, пайдаланууну, ташууну, жок кылууну, ташып келүүнү жана ташып чыгууну карайт.
2. Бул Эрежелер өнөр жайлык пиротехникалык буюмдарга жайылтылбайт.
2-глава. Пиротехникалык буюмдарды классификациялоо
3. Жарандык пиротехникалык буюмдарга жылуулук, жарык, от, үн, түтүн, газ же алардын комбинациялары түрүндөгү эффекттерди техникалык же тиричиликтик максаттарда өндүрүүгө арналган пиротехникалык аралашмалар, алардын негизинде жасалган буюмдар кирет.
4. Пиротехникалык буюмдар колдонуудагы потенциалдуу кооптуулук даражасы боюнча беш класска бөлүнөт:
I класс – кооптуу факторлордун катарында сокку толкундары жана жарылууда учуп кетүүчү сыныктары жок, кыймылдын кинетикалык энергиясы 0,5 Дж ашпаган, буюмдан 0,25 м аралыктагы акустикалык нурлануусу 125 дБ ашпаган, ал эми калган факторлор боюнча кооптуу зонанын радиусу 0,5 м ашпаган пиротехникалык буюмдар (бенгал шамдары, тарсылдактар, стол фонтандары, айлангычтар, көпөлөктөр);
II класс – кыймылдын кинетикалык энергиясынын мааниси 5 Дж ашпаган, сокку толкуну жана кооптуу зонанын чегинен тышкары учуп кетүүчү сыныктары жок, пиротехникалык буюмдардан 2,5 м аралыктагы акустикалык нурлануусу 140 дБ ашпаган жана калган факторлор боюнча кооптуу зонанын радиусу 5 м ашпаган пиротехникалык буюмдар;
III класс – багытталган кыймылда кинетикалык энергиясынын мааниси 5 Дж ашкан, багытталбаган кыймылда – 20 Дж ашпаган, сокку толкуну жана кооптуу аймактын зонасынан тышкары учуп кетүүчү сыныктары жок, пиротехникалык буюмдардан 5 м аралыктагы акустикалык нурлануусу 140 дБ ашпаган, ал эми калган факторлор боюнча кооптуу зонанын радиусу III класс үчүн 30 м ашпаган жана IIIа чакан классы үчүн 20 м ашпаган пиротехникалык буюмдар;
IV класс – сокку толкуну жок, ал эми калган факторлордун жок дегенде бири боюнча кооптуу зонанын радиусу 30 м ашкан пиротехникалык буюмдар (жарандык кесиптик пиротехникалык буюмдар);
V класс I–IV класстардагы буюмдардын аныктамаларына кирбеген, кооптуу факторлор жана кооптуу зоналар пиротехникалык буюмдарга атайын техникалык шарттар менен аныкталган башка пиротехникалык буюмдар.
Мындай пиротехникалык буюмдарды колдонуу катуу контролдонуучу шарттарда жүзөгө ашырылат. Кооптуу зонанын радиусу техникалык шарттарга жана тышкы чөйрөнүн параметрлерине жараша аныкталат. Кооптуулуктун эң жогорку классындагы пиротехникалык буюмдар майрамдык фейерверктер, мамлекеттик майрамдар жана атайын окуялар сыяктуу жогорку деңгээлдеги улуттук иш-чараларды өткөрүүдө колдонулат.