Редакцияот 05.09.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

САРЫ-ЧЕЛЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Сары-Челек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы

 

2025-жылдын 5-сентябрындагы №8/3

 

«Сары-Челек айыл аймагындагы салтанаттарды өтөрүүнү жана кафе-ресторандарды 20:00 гө чейин иштөөсү боюнча чектөө киргизүү жөнүндө».

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 14-августундагы № 27-19633 тапшырмасын аткаруу максатында,Сары-Челек айыл аймагындагы салтанаттарды өткөрүүнү жана кафе-ресторандардын 22:00 гө чейин иштөөсүнө чектөө киргизип берүү боюнча,Сары-Челек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жыылдын 21-авгусутундагы № 01-3/216 чыгыш сандуу катын,ошондой эле Сары-Челек айыл аймагынын айылдык кеңешинин “Укук,мыйзам жана этика” жана “социалдык маданий билим берүү жана саламаттыкты сактоо маселелери боюнча” туруктуу комиссияларынын 2025-жылдын 29-августундагы отурумунун корутундусуна таянып,Сары-Челек айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы

 

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

 

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 14-августундагы № 27-19633 тапшырмасын аткаруу максатында,Сары-Челек айыл аймагындагы салтанаттарды өткөрүүнү жана кафе-ресторандардын 22:00 гө чейин иштөөсү боюнча чектөө киргизүүгө макулдук берилсин.

 

Сары-Челек айыл аймагынын айыл өкмөтү Аксы районунун Ички Иштер бөлүмү менен биргеликте,кафе ресторандардын ээлерине түшүндүрүү иштерин жүргүзүп,токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алсын.

 

1.Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 6-декабрындагы № 194 «Тынчтык жөнүндө» мыйзамында жана Кыргыз Республикасынын

 

2.«Бузуулар жөнүндө» кодексинде каралган беренелерин бузса,кафе ресторандардын ээлери жоопкерчиликке тартылып,аларга айып пул салынсын.

3.Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн,Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

4.Токтом «Sary-Chelek.kg.gov» веб сайтында жарыялангандан кийин күчүнө кирет.

 

5.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сары-Челек айыл аймагынын айылдык кеңешинин “Укук,мыйзам жана этика”, “социалдык маданий билим берүү жана саламаттмаселелерибоюнча” туруктуу комиссияларынын төрагалары Б.Төрөбековго,Г.Жоробековаларга жүктөлсүн.

 

 

Төрага

 

                      А.Шайдиев..