Загрузка документа…
САРЫ-ЧЕЛЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сары-Челек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз IX сессиясынын токтому.
2025-жылдын 10-октябрындагы №9/1
“Сары-Челек айыл аймагынын жергиликтүү Курултайын өткөрүүнү уюштуруу жөнүндө”
Мамлекеттик башкаруунун ачыктыгын,айкындуулугун жана эл менен байланышын чыңдоо максатында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-августундагы “Элдик Курултайды чакыруу жөнүндө” №215 Жарлыгы жана Элдик Курултайды өткөрүү боюнча комитетинин 2023-жылдын 6-сентябрындагы “Элдик Курултайга Кыргыз Республикасынын айылдык аймактарынан,шаарларынан делегаттарды шайлоо боюнча кадамдап аткарылуучу аракеттердин Нускамасы жөнүндө” жана Сары-Челек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин “Укук,мыйзам жана этика”маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 9-октябрындагы отурумунун протоколуна негиз сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.IV Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча Сары-Челек айыл аймагынын жергиликтүү коомдоштуктарынын Курултайы 2025-жылдын 1-ноябрь күнү саат10чакырылсын.
2.Сары-Челек айыл аймагынын жергиликтүү Курултайынын курамы 80 делегаттан турары белгиленсин.
3 .Сары-Челек айыл аймагынын жергиликтүү Курултайын өткөрүү жана уюштуруу боюнча жумушчу топтун курамы №1 тиркемеге ылайык 7 адамдан бекитилсин.
4 .Жергиликтүү жааматтар арасында делегаттарды шайлоо боюнча жыйындар 17-
октябрдан,21-октябрга чейин №2 тиркемеге ылайык өткөрүлсүн.
5.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештин “Укук,мыйзам жана этика” маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
6..Токтом «Sary-Chelek.kg.gov» веб сайтында жарыялангандан кийин күчүнө кирет.
7.Аталган токтомду расмий жарыялоо,Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук
актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы айылдык Кеңештин жооптуу
катчысы У.И.Барпиевге жүктөлсүн.
Төрага |
А.Шайдиев..
|