Загрузка документа…
САРЫ-ЧЕЛЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сары-Челек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз IX сессиясынын токтому.
2025-жылдын 10-октябрындагы №9/2
“Көчөгө ат коюу жөнүндө”
Сары-Челек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 16-сентябрындагы №01-3/238 сандагы сунушуна жана Сары-Челек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 2025-жылдын 9-октябрындагы отурумунун корутундусуна негиз ,сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1 .Жаңы-Жер айылына чыккан жолдун оң тарабындагы жайгашкан Жунусалиев Куштарбектин үйүнөн баштап,өрүкзарга бурулган жолго чейинки аралыктагы көчөгө Жаңы-Жер айылынын жашоочусу,коомдук активист Анаркулов Эрмек Момункуловичтин ысымы ыйгарылсын.
2 .Сары-Челек айыл аймагынын айыл өкмөтү тиешелүү иш кагаздарын ушул токтомго ылайык жүргүзүүнү колго алуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т,А,Айткуловго тапшырылсын.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештин “Укук,мыйзам жана этика” маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
4.Токтом «Sary-Chelek.kg.gov» веб сайтында жарыялангандан кийин күчүнө кирет.
5 .Аталган токтомду расмий жарыялоо,Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук
актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы айылдык Кеңештин жооптуу
катчысы У.И.Барпиевге жүктөлсүн.
Төрага |
А.Шайдиев..
|