Редакцияот 26.02.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САВАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Савай айылдык округунун кеңешинин (VI-шайланган) депутаттарынын кезектеги II сессиясы

 

 

2021-жылдын 26-февралындагы № 1/1

 

Савай айыл өкмөтүнүн 2020-жылга жергиликтүү бюджетинин аткарылышы жана 2021-жылдын 1-январына карата калдык сумманы бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» мыйзамынын 18-беренесинин негизинде Савай айылдык округунун кеңешинин (VI-шайланган) депутаттарынын кезектеги II сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Савай айыл өкмөтүнүн 2020-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетинин аткарылышы киреше боюнча 28240,2 миң сом, чыгаша 21139,3 миң сом,атайын каражаттын аткарылышы 824,6 миң сом,чыгашасы 785,0 миң сом.

2. Савай айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-январына карата калдык сумма 7100,9 миң сом, атайын каражаттын калдыгы 39,6 миң сом менен берилген отчетко ылайык бекитилсин.

3. Кошумча смета түзүп, ошол сметанын негизинде иш алып баруу Савай айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысына милдеттендирилсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы экономика, финансы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Савай айылдык округунун кенешинин

төрагасынын орун басары

Б.Аматова